Жалал-Абад. Быйыл Жалал-Абад шаарында 947 окуучу жалпы республикалык тестирлөөгө катышары күтүлүүдө

Жалал-Абад шаарындагы мектептерде жалпы республикалык тестирлөөгө катышууга даярдыктар жүрүүдө. Жалпы республикалык тест буга чейин май айынын соңку күндөрүндө болуп келген. Быйыл аталган тестирлөө 18-19-май күндөрү шаардагы түрк лицейинде жана №13-мектепте боло тургандыгын шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Тестирлөөгө Жалал-Абад шаарындагы 20 мектептен жалпы 947 бүтүрүүчү катышары күтүлүүдө. "Катышуучулардын саны да өзгөрүшү мүмкүн. Себеби окуучулар тестирлөө өтө турган күнгө бир күн калганда да документтерин каттоодон өткөрүп, катышууга мүмкүнчүлүктөрү бар",- дейт шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Айнура Маданова. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан