Исфана-Сүлүктү унаа жолуна түшкөн жер көчкүнү тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалымата караганда 9-апрель күнү саат 10:55 чамасында №13-жол тейлөө ишканасынын балансындагы Исфана-Сүлүктү унаа жолунун 14-чакырымында көлөмү болжол менен 10 миң метр куб жер көчкү түшүп, унаа жолду жаап калган. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.
"Жолду тазалоого “Синьдзян бейсин” Кытай жол куруучу компаниясынан 2 экскаватор, 1 жүктөгүч жана 1 грейдер тартылып, анын жардамы менен ошол эле күнү саат 18:00дө айланма жол салынган. Бүгүн жолго түшкөн жер көчкүнү тазалоо иштери жүрүүдө", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.