Кыргыз аскер кызматчылары Непалда өткөн эл аралык машыгууларга катышышты

Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын 39 аскер кызматчысы Непалда өткөн эл аралык "Шанти Прайс-3" тынчтыкты сактоочу машыгуусуна катышып келишти. Бул тууралуу 10-апрелде Башкы штабдын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда машыгуу 2017-жылдын 20-мартынан 3-апрелине чейин Панчхал шаарында өткөрүлгөн. Иш-чара АКШнын Тынч океан командачылыгы жана Непал Республикасынын армиясы менен биргеликте штаб офицерлери менен тынчтыкты сактоочу өздүк курамды БУУнун тынчтыкты сактоочу тапшырмаларын аткарууга даярдоо максатында уюштурулган. Ага Малайзия, Индонезия, Филиппин, Бангладеш, АКШ, Монголия, Непал жана Комбоджа өлкөсүнүн тычтыкты сактоочу контингенти бул иш-чарага тартылып, 27 өлкө байкоочу иретинде катышты.

"Аскер кызматчылары менен америкалык, непалдык жана британиялык инструкторлордун, ошондой эле Эл аралык кызыл крест комитетинин өкүлдөрүнүн жетекчилиги алдында теориялык жана практикалык сабактар өткөрүлдү. Бардык пландалган иш-чараларды сапаттуу жүргүзүү үчүн Борбордун базасында тынчытыкты сактоочу базалар жана качкындардын окшоштурулган лагерлери жайылтылды. Машыгуунун жыйынтыгы боюнча анын бардык катышуучуларына Непал Республикасынын премьер-министринин атынан сертификаттар тапшырылды", - деп айтылат маалыматта.

Машыгуудагы иштелип чыккан маселелердин катарында – жоопкерчилик алдындагы аймактарды кайгуулдоо, ири транспорт жолдорун көзөмөлдөө, блокпостторду коюу, көзөмөлдөө жана өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, тынчтыкты сактоочу базаларды кайтаруу, өзүнчө адамдарды, гуманитардык жүктөрдү жеткирүүдө коштоп жүрүү, миналанган тилкелерди тазалап зыянсыздандыруу, биринчи медициналык жардамды көрсөтүүлөр бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан