Жалал-Абад шаардык мэриясына караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын жана мэриянын маданият бөлүмүнүн демилгеси менен "Ырчы, ишкер ырдасын, эл кубанып тыңдасын" аттуу сынак өтөт. Иш-чара 2013-жыл - Иштерман жылына карата уюштурулууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. "Сынактын максаты - улуттук баалуулуктарды, тарыхый-маданий мурастарыбызды, унутта калган ырларды жандандырып, ошондой эле мамлекеттик тилдин ордун, милдетин, мамлекеттик кызматкерлердин, жетекчилердин эне тилге болгон мамилесин жакшыртуу жана маданий дөөлөттөрүбүзгө баа берүүгө көңүл буруу. Мындан сырткары улуттар арасындагы достукту чыңдоо болуп эсептелет", - дейт мэриянын Мамлекеттик тил боюнча комиссиясынын төрайымы Үпөл Асаналиева. Сынак 23-майда өтүп, жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар тапшырылат.