Улуу британиялык коллекционер Ник Мид Т-54 үлгүсүндөгү советтик танктын ичинен баасы 2 жарым миллион долларга (болжол менен 170 миллион сом) жеткен 5 алтын куймасын таап алган. Бул тууралуу кечээ, 9-апрелде чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда 55 жаштагы Н. Мид аталган танкты eBay компаниясынын интернет-аукционунда 37 миң долларга (болжол менен 2 миллион 516 миң сом) сатып алган. Алтын куймаларын ал Тод Чемберлен аттуу механик менен күйүүчү май куюлуучу бактан таап алган. Коллекционер полицияны чакырса, алар ага кол койдуруп, алтындардын баарын алып коюшкан.
Н. Мид: "Алтынды артка кайтарып албасам деле, менде сүйүктүү танкым бар", - деп билдирген.
Маалыматтарга караганда, Т-54 Ирактын Куралдуу күчтөрүнө тиешелүү болуп, 1990-1991-жылдардагы Перс булуңунда болгон согушка катышкан. Ошол учурда ал Эл аралык коалициянын аскерлери тарабынан туткундалып, Бириккен падышалыкка жеткирилген.
СССР 1959-1968-жылдары Багдадга Т-54 үлгүсүндөгү 300 танк койгон. Кийин алар Перс булуңундагы согуштан тышкары 1973-жылдагы араб-израил согушунда, 1980-1988-жылдардагы иран-ирак согушунда иштетилген.