"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда Хово унаасы жогорку ылдамдыкта келе жатып, биздин унаадан буйтап, оодарылып кетти" дейт күбө

Бүгүн, 10-апрелде окурман Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы оор жүк ташуучу унаа оодарылып кеткенин "Элдик кабар" рубрикасына кабарлаган. Көп өтпөй бул кырсыктын күбөсү Кошой Мадылбеков SUPER.KG порталына кырсык Хово унаасы жогорку ылдамдыкта жүргөндүктөн болгонун билдирди.

"Бул окуя менин көз алдымда, 7-апрелде күндүз болгон, кечээ унаанын калдыктарын алып кетишсе керек. Хово саатына 80 чакырым ылдамдыкта келе жатыптыр. Алдынан биздин унаа чыкканда буйтап, прицебинин дөңгөлөктөрү көтөрүлүп, айдоочу башкара албай, жолдун сыртындагы бетон тосмосун сүзүп, ылдый кирип кеткен. Ичиндеги 2 адамды унаадан чыгарып, ооруканага кетирдик. Негизи андай кооптуу бурулуштары бар жолдон жеңил унаа саатына 30 чакырым, оор жүк ташуучу унаа саатына 20 чакырым менен айдаса туура болмок. Жол белгилеринин бар-жогун байкабай калдым", - дейт К. Мадылбеков.

Ал эми Нарын облустук Ички иштер башкармалыгынын патрулдук кызматынын башчысынын орун басары Тилек Оторов кырсык 7-апрелде саат 14:30дар чамасында болгонун айтып, натыйжада бир адам каза болгонун кошумчалады.

"Хово унаасынын айдоочусу Кочкор районунун 45 жаштагы тургуну Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 166-чакырымына келгенде рулду башкара албай, күн-чыгыш тарапты көздөй оодарылып кеткен. Жыйынтыгында ал каза болуп, дагы бир жүргүнчүсү аймактык ооруканага жеткирилген. Бул иш боюнча бардык материалдар Кочкор РИИБине өткөрүлүп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деди Т. Оторов.

Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы кырсык
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zhusubali
2017-04-10 17:52:04
жаман болуптур чачылып кетиптирго аллах сактасын
+1
baltabai
2017-04-10 18:37:14
Kudai saktasyn
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан