Ош шаарындагы мектепте жарандык коргоо күнү белгиленди

Ош шаарындагы мектепте жарандык коргоо күнү белгиленди. Бул тууралуу 10-апрелде ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда иш-чара Ош шаарынын Жапалак айылындагы №31-Курманжан Датка орто мектебинде уюштурулган. Ага Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары катышышты. Алар окуучуларды коопсуз жайга эвакуациялоо жолдорун, бийик имарат жайда калган жабырлануучуну аркан менен жерге түшүрүү жана асма жип аркылуу коопсуз жайга алып өтүп, биринчи медициналык жардам көрсөтүү ыкмалары практика жүзүндө окуучуларга көргөзмө иш-чаралары өткөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан