2017-жылы көмөкчордондорду жана аба чубалгыларын оңдоого 132, 99 миллион сом каралган. Бул тууралуу 10-апрелде “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда жогоруда көрсөтүлгөн каржыга 35 кВ чыңалуусундагы 5 трансформатордук көмөкчордондор, 35 кВ чыңалуусундагы 19,3 чакырымга аба электр чубалгылары, 6/10-0,4 кВ чыңалуусундагы 177 комплекттүү трансформатордук көмөкчордондор, 6/10-0,4 кВ чыңалуусундагы 277 чакырымдан ашуун аба чубалгылары оңдолот.
Белгилүү болгондой, быйылкы жылдын капиталдык салымы 591,3 миллион сомду түзгөн. Бул каржыга көмөкчордондордун аз кубаттагы күч трансформаторлордун ордуна жаңысын орнотуу жолу менен кубаттуулугун жогорулатуу, аба электр чубалгысынын реконструкциялоо, трансформатордук көмөкчордондорду орнотуу иштери жүргүзүлөт.