Белгилүү ырчы Самара Каримова бүгүн, 10-апрелде 26 жашка толду. Аны куттуктап байланышка чыксак, SUPER.KG порталына, куттуктап жаткан жалпы күйөрмандарына ыраазычылыгын билдирди.
"Учурдан пайдаланып мени куттуктап жаткан бардык жакындарыма, досторума, күйөрмандарыма ыраазычылыгымды билдиргим келет. Кечээтен бери жагымдуу белектер, куттуктоолор болуп жаткандыктан кубанычым коюнума батпай турат, маанайым жакшы. Кечээ түндө Жалал-Абаддагы концерттен кайтып келе жатканбыз. Саат 00:00 болгондо бийчи кыздар, айдоочу, Умай эне маршруттук таксини токтотуп коюп, сюрприз жасап куттукташты. Өздүк майрамымды бүгүн кечинде туугандарым менен бирге белгилейин деп турам", - деди ал.
Белгилей кетсек, Самара Каримова 1991-жылы 10-апрелде Лейлек районунун Өзгөрүш айылында жарык дүйнөгө келген. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин актёрлук бөлүмүндө 2 жыл окуп, турмушка чыкканына байланыштуу Ош шаарына которулган. "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча Самара Каримова "2014-жылдын супер дебюту" наамынын ээси болгон. Ал 2014-жылы Жүмамүдүн Шералиевдин 100 жылдыгына арналган республикалык сынактын баш байгесин утуп алган. Таттыбүбү Турсунбаева, Мыскал Өмүрканова атындагы сыйлыктардын лауреаты.
Жеке жашоосу
2011-жылы музыкант, Ош драма театрынын жетекчиси Асан Мансуровго турмушка чыгып, үч балалуу болушкан. Улуусу Барсбек 2012-жылы, кызы Даткайым 2013-жылы, кичүү улуу Алихан 2015-жылы төрөлгөн.
10-апрелге карата жылнаама.