КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков дары-дармек тармагы мыйзам менен жөнгө салынбай турганын бүгүн, 10-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйналышында айтты.
"Дүйнөдө курал-жарак сатуу биринчи орунда турат. Ал эми дары-дармек экинчи орунда. Бул жерде эбегейсиз чоң мафия бар. Бир-эки мыйзам менен ошону жөнгө салып коё албайбыз. Салык, кылмыштуулук мыйзамдарына канча өзгөртүүлөр киргизилди. Кылмыштуулук азайган жок, күчөп жатат. Менин пикиримде, мындай мыйзам киргизгенче өкмөт дары-дармек менен шылуунданган шумпайлардын экөө-төртөөсүн түрмөгө киргизүү зарыл. Мыйзам жардам бербейт. Саясий эрк керек. Мыйзам долбоордун концепциясын колдоп берели. Бирок мыйзам менен жөнгө салбай, кылдаттык менен текшерүү керек", - деди ал.
Жыйында "Дары каражаттары жөнүндө" жана "Медициналык багыттагы буюмдар жөнүндө" мыйзам долбоору аталган комитетте биринчи окууда жактырылды.