Бишкектеги фото-видео жаздыруучу камера Патрулдук милициянын кызматтык унаасынын да жол эрежелерин бузгандыгын жаздырып калган. Алардын 1 жыл ичиндеги саны 50-60ты түзөрүн бүгүн, 10-апрелде өткөн маалымат жыйында Маалымат технологиялары боюнча башкы башкармалыктын жол коопсуздугун мониторинг кылуу борборунун жетекчиси Талант Садыков билдирди.
Анын айтымында, фото-видео жаздыруучу камералар жол эрежелеринин бузулушунун төмөндөшүнө өбөлгө боло турган жакшы ыкма.
"Камера орнотулган Бишкектеги унаа базарындагы айланада эрежелерди бузуу 57 пайызга азайды. 2015-жылы ошол жердеги жол кырсыгынан 5 адам көз жумса, 2016-жылы 2 киши каза болгон. Биз бара- бара толугу менен бул системага өтүшүбүз керек. Азыр Орто Азияда биздин өлкө гана фото-видео жаздыруучу камераларды толук орното элек жалгыз өлкө", - деди ал.
Т. Садыков белгилегендей, бул камера 2-3 айдын ичинде өзүнүн баасын актаган.