Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз спортчулары 8-9-апрель аралыгында Болгарияда өткөн "Dan Kolov/Nikola Petrov" эл аралык мелдешинде катышып, 3 күмүш жана 1 коло медаль тагынышты. Бул тууралуу Күрөш федерациясы билдирет.
Маалым болгондой, 71 килограмм салмак ченинде Нургазы Асангулов коло байге, Руслан Царев (71 килограмм), Азат Бейшебеков (85 килограмм) жана Үзүр Жусупбеков (98 килограмм) өз салмак категориясында финалга чейин жетишкен. Тилекке каршы, үч балбан тең анда жеңилип, жыйынтыгында күмүш медалдарга ээ болушту.