Байкоочу кеңештин мүчөсү: "Илим Карыпбековдун ордуна коомдук телеканалды түшүнгөн башка кишини шайлаш керек"

"Илим Карыпбековдун ордуна коомдук телеканалды түшүнгөн башка кишини шайлаш керек", - деп бүгүн, 10-апрелде парламентте Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйналышында байкоочу кеңештин мүчөсү Тынчтыкбек Чоротегин билдирди.

Ал КТРК бейтараптуулук жактан өзүнүн ролун аткарбаганын айтты. Жыйында депутаттар тарабынан дагы сындар айтылды. КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков каналдын сайты расмий тилде болуп жатканы тууралуу билдирди.

Ал эми "Республика - Ата-Журт" фракциясынын депутаты Аида Исмаилова байкоочу кеңешке жаштар келүүсү керек экенин айтты. "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Садык Шер-Нияз жана Наталья Никитенко бейтарап болбой жатканына нааразы болду

Жыйындын соңунда корпорациянын байкоочу кеңешинин отчету сунуштарды эске алуу менен депутаттар тарабынан колдоо тапты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан