СУПЕРСТАН: "Эркектердин тойдон баштык көтөрүп келгени туурабы?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эркектердин тойдон баштык көтөрүп келгени туурабы?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Азыр кыргызда эмне көп? Туура, ар кандай той-аштар көп. Байкашымча, азыр той бүткөндө, дасторкондун үстүндөгүнү кыз-келиндер бөлүшө башташат го, айрым эркектер аялдардан кем калбай баштык алып, уялбай эле бардыгын сала баштайт. Кыргызда эркектер качан ушинтчү эле? Менимче, бул уят. Үйүндөгүлөр ооз тийсин деп өздөрү берсе, анда макул ала берем, бирок тигини бери жылдырчы, салып алайын, муну салып берчи деп отурган эркектерди түшүнбөйм".

"Мындай көрүнүш аялзатына аябай жарашат да, жөн эле столдун үстүн "шыпырып" эле салышат. Тойлордо кээ бир эркектер ырымдап "бизде да ушундай тойлор болсун" деп алганын көргөм".

"Аялдар го түйүнчөк көтөрүп барып, кайра түйүнчөк менен кайтышат. Эркектер андай кылганы жарашпайт. "Тойго барсаң, тоюп бар" деп коёт го. Тоюп барбасаң, тойго барып курсакты тойгузуп алып, андан сырткары той ээсин тоноп кайткан туура эмес. Тойго барган адам той ээсине бере турганын берип, жакшы каалоо-тилектерин айтып эле койгону оң. Берген акчасын башка нерсе менен эки эселетип ашырып алган бул жакшы эмес деп ойлойм".

"Эркектерге бул көрүнүш туура келбейт, эгер той ээси атайын баштык берсе, алып кеткен уят эмес. Үйүндө жол караган кичинекей балдары болушу мүмкүн, "атам мага эмне алып келет экен" деп үмүттөнүшөт. Эгер үйүндө жаш баласы болуп, тойдо эч нерсе берилбесе, уялбай эле "жол караган жаш балам бар" деп айтып, конфет алып алган терс көрүнүш эмес".

"Тойдо кешик берилбесе ошол тойбу? Албетте, тигини-муну жылдыр деп жулмалаган аялына да, эркегине да жарашпай турган иш. Бирок той ээси сөзсүз салып берет го? Башка жакта кандай экенин билбейм, биз жакта конокторго тойдо кешик салып бермей салтка айланып калган".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
baltabai
2017-04-10 18:40:48
Biz bata toido
Alyp kelebiz
0
Parish
2017-04-10 18:57:47
Эркектердин тойодо сетка которгону уят, ал эми аял кишиге боло берет.Салба десен да баари бир салып алышат.
+1
Kroxa
2017-04-10 20:48:52
Кафеде эт жегиче столду салып алгыла деп пакет берет ар бир башка бирок жубайлары менен барган эркектер кошо салып баштаса туура эмес..а аялы жок барып калса той ээси эстеп пакет камдап берет менимче..
+2
Uson13
2017-04-10 20:50:10
Бул туура эмес деп ойлойм ашыкча эле ысырапкорчулук
+1
ussr7
2017-04-10 22:16:38
Албаш керек болсо,анда эмнеге ар бир орундука пакет койот
0
evra_kg
2017-04-10 23:12:17
эки жаштын тойунда достор менен бир столдо олтурганбыз оздору баштык берген ал эми той бутуп баратканда жанагы баштыка сала башташты аларга кошулуп менда салдым
ал баштыкты которуп алып суротко тушуп жатыптыр аларды коруп аялып кеттим карасам баары жаш жигиттер жанагы баштыкты кайра койуп койдум эстен чыгарган киши болгон болуп унуттумда чыгып келебердим 40 жашта болсон алсан жарашат деп койгом
0
Rasul94
2017-04-11 16:29:58
эркектерге уят эле.эри да аялы да алса анда болбой калат.эркек эркектей эле болгону жакшы.мен мисалы отуруш же тойдон эч нерсени албайм албагам дагы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан