"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Облустук уюштуруу бөлүмү: "Тогуз-Торо районунун акимин Жалал-Абад облустук соту актаган"

Бүгүн, 10-апрелде окурман Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идирисов эки жолу соттолсо да, кызматынан кетпей жатканын кабарлаган. Аталган облустук администрациясынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Уларбек Ботокараев Жалал-Абад облустук соту Тилек Идирисовго чыгарылган шаардык соттун чечимин жокко чыгарып, аны актаганын SUPER.KG порталына кабарлады.

"Тилек Идирисовго байланыштуу Жалал-Абад шаардык сотунун чечимин облустук сот жокко чыгарган. Бул иш Жогорку сотто да каралып, облустук соттун чечими күчүндө калыптыр", - деди У. Ботокараев.

Ошондой эле бул маселеге байланыштуу облустук администрацияга кошмо жыйындын депутаттары кайрылышканын билдирди:

"Эски мыйзам боюнча аким жыл сайын коомчулукка, кошмо жыйындын депутаттарына отчёт берип турчу. Эми акимди бир гана премьер-министр шайлап калды. Ал эми жаңы мыйзамда кошмо жыйындын депутаттары тууралуу эч нерсе айтылган эмес. Жакында бул маселе каралган жатат. Негизинен бизге акимди кызматтан кетүүсүн талап кылган тургундар кайрылышкан эмес, бирок депутаттар "отчёт бербей жатат" деген өңүттө кайрылуу жасашкан. Депутаттар эми алардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу мыйзамды күтүп жатышат".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан