Депутат Аида Касымалиева косметология тармагы көзөмөлгө алынбай жатканын айтты

Бүгүн, 10-апрелде парламентте Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйналышында КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева косметология тармагы көзөмөлгө алынбай жатканын айтты.

Эл өкүлү ботокстон жабыр тарткандар көп болуп жатканын белгилеп, саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевден косметология тармагы, анын ичинде ботокс кимдер көзөмөлдөш керек экенин сурады.

Талантбек Батыралиев бул тармак боюнча министрлик көзөмөлдөбөй турганын айтты. Ошондой эле Аида Касымалиева Кыргыз мамлекетинде уруксаты бар дары каражаттарынын электрондук базасы эмне үчүн түзүлбөй келгенин сурады.

"Мыйзам долбоордо түзүлөт деп жазыпсыздар. 2015-жылы эле айтылган болчу, эмнеге азыркыга чейин түзүлгөн жок? Бюджетке оордук келбейт деп жатасыздар. Маалымат база түзүлсө аны ким каржылайт?" - деди депутат.

Министрдин айтымында, концепциясын түзүү боюнча көптөгөн талкуу болгон. Ал эми каржылоо боюнча министрликтин күчү менен көп нерсе бүтүп калганын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан