Учкун-2 конушу "Манас" аэропортуна бара жаткан жолдун четинде жайгашкан. Ошол конуштун тургуну Кызылгүл Алымкулованын айтымында, ал жер 2001-жылы эле мамлекет тарабынан элге берилген.
"Ал жакта жалпы 698 жер тилкеси бар. Алардын 567си элге берилген. Ошолордун 30дан ашыгына үйлөр тургузулуп, элдер жашап жатышат. Мындан 2 жыл мурун Сокулук райондук прокуратурасы тарабынан 72 жер тилкеси камакка алынган. Азыркы тапта соттук териштирүү болуп жатат. Эмне себептен камакка алышканын деле толук түшүнгөн жокпуз. Балким, биздин жерибиз кайсы бир чоңго керек болуп жатса керек. Тиешелүү жактарга кайрылдык, биринен да жооп болгон жок. Жергиликтүү бийлик эки сүйлөп, элди сооротуп жатат", - дейт жаңы конуштун тургуну.
Айта кетсек, 2016-жылдын сентябрь айында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги уюмуна кирген өлкөлөрдүн президенттеринин жолугушуусу орун алган. Аны утурлай Кыргыз Республикасы тууралуу жакшы пикирде кетүүсү үчүн бир катар аракеттер жумшалган. Алардын бири аэропортко жакын жердеги Учкун-2 конушунун тушуна тосмо орнотулганы болду.