Ноокат районундагы Кырк-Көл дарыясынын агымы, нугу бузулуп унаа жолдоруна жана айдоо аянттарына чыгып кетүүдө. Буга жергиликтүүлөр өзүлөрү себепкер экенин Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта жазылгандай, инспекторлор Араван жана Ноокат райондорундагы дарыя жээктериндеги коопсуздукка карата текшерүү жүргүзүшүүдө.
"Кырк-Көл дарыясынын жээктери мыйзамсыз бузулуп, уруксатсыз кум, шагыл ташылып жатканы аныкталды. “Самсунг” экскваторунун айдоочусу А. Айтбаев эч кандай айдоочулук күбөлүгү жок, тийиштүү тармактардан уруксат албастан, дарыя жээктеринин нугун бузуп кум, таш, шагыл ташып алып жаткан. Жыйынтыгында А.Айтбаев административдик жоопкерчиликке тартылып, айып пул салынды", - деп айтылат кабарда.
Мамэкотехинспекциянын адистери дарыялардын жээктерин бузуп, кум, шагыл ташып жаткан жарандарга тыюу саларын эскертет.