Бишкекке ДНКнын мутациясы, генетикалык ооруларды аныктоочу жабдуу алынып келинди

Бишкектеги республикалык СПИД борборуна генетикалык ооруларды аныктоочу жабдуу Орусиядан алынып келинди. Жабдуу 683 572 рубль турат. Бул тууралуу 10-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда жогорудагы жабдуу менен ДНК мутациясын, муундан муунга өтүүчү оорулар, ВИЧти дарылоо, кургак учук ооруларын аныктаса болот. Мындан сырткары баланын атасын же энесин аныктоо, адамдын өздүгүн тактоого колдонулат.

"Жабдуунун мүмкүнчүлүктөрүн толук өздөштүргөндөн кийин өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун генетикалык лабораторияны ишке киргизүү боюнча тапшырмасын аткаруу шарты түзүлөт. СПИД борбордун дарыгери Москвада окутуудан өтүп келди. Жакынкы күндөрдө адистер Алматы жана Ташкент шаарында окууга барышы күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Shef87
2017-04-10 20:21:17
окууга деле оруссияга жиберишсе болмок бир жолу
+1
scorp
2017-04-10 22:08:31
Кудайга мин жолу шугур.
+1
Mech.kg
2017-04-11 16:22:53
Аябай артта калдык бардык нерседен.
0
Beka1986
2017-04-12 20:19:22
Билгендер адресин жазып койгулачы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан