Жоомарт Сапарбаев: "Азиз Батукаевди камактан бошотордо СИЗОнун башчысы стресске кабылган"

"Мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаев Нарындагы №4-СИЗОдон бошотуларда абактын жетекчиси кызматтан кетүү боюнча арыз жазган, бирок канааттандырылган эмес". Бул тууралуу Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушун жана өлкөдөн чыгып кетүүсүн иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү, депутат Жоомарт Сапарбаев бүгүн, 7-майда журналисттерге билдирди. Анын айтымында, Батукаевдин эркиндикке чыгарына 2 ай калганда аталган СИЗОнун жетекчиси Кубанычбек Касымалиев сыркоолоп калган. “Ал кримчөйрөнүн өкүлүн эркиндикке чыгаруу маселесинен улам стресске чалдыгып, ден соолугу начарлап кеткенин айтты”,- деди Сапарбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан