"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Өзгөн районундагы Жаңгакты айылында болгон жер көчкүдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүлдү

Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Жаңгакты айылында болгон жер көчкү үйлөрдү басып калганын, тургундарга жардам көрсөтүлбөй жатканын окурман кечээ, 10-апрелде кабарлаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөн райондук бөлүмүнүн башчысы Нурлан Кулмаматовдун берген маалыматы боюнча, 9-10-апрель күндөрү Ийри-Суу айыл аймагына караштуу Жаңгакты айылында Токто участкасында жер көчкү кайрадан активдешип узуну 800 метр, туурасы 50-100 метр, бийиктиги 10-12 метр, көлөмү болжол менен 700-800 миң метр куб жер көчкү акырындык менен жылып, бир тургундун ашканасын, чоң үйүнүн жарымын басып, башка турак жайга 3 метр жетпей калган.

"Турак үйдө эч ким болгон эмес, азыркы учурда жер көчкү акырындык менен жылууда. Тургундар туугандарынын үйлөрүнө, коопсуз жайга көчүрүлгөн. Мамлекет тарабынан жер тилкесин жана ссуда алышкан. Ошондой эле Дөбө айылы менен Жүрөк-Маала айылдарын байланыштырып турган, шакекчелерден курулган ички чарбалык көпүрөнү жана Жаңгакты айылындагы 250 кожолук пайдаланган ички чарбалык жолду 300-400 метр аралыгына чейин жетип, райондун борбору менен каттам токтоп калган. Министрликтен 1 даана бульдозер айланма жол салуу үчүн тартылып, 3 чакырым айланма жол салынып, каттам ачылды", - дешет министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kamchatka
2017-04-11 10:57:17
Айтымго кече жукторду салыштырып жатабыз эртен алып барабыыз деп!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан