ЖЫЛНААМА, 11-АПРЕЛЬ: Фашисттик концлагердеги туткундардын бошотулушунун эл аралык күнү

Бүгүн, 11-апрель - Фашисттик концлагердеги туткундардын бошотулушунун эл аралык күнү. Бул күн Бухенвальд жана Дордогу фашисттик концлагердеги туткундардын боштондукка чыгышына байланыштуу белгиленип келет. Фашисттик Германиянын жеңилер сааты аныкталып калган маалда, 1945-жылдын 11-апрелинде Бухенвальд туткундары көтөрүлүш чыгарышкан. Ошентип Заксенхаузда 1945-жылдын 22-апрель күнү, 29-апрелде Дахау, 30-апрелде Равенбрюк концлагерлеринин туткундары боштондукка чыгышкан. Фашисттик лагерлерде 18 миллион адам кармалып, алардын 11 миллионго жакыны өлтүрүлгөн. Өмүрү кыйылгандардын арасында 5 миллиондой адам советтик туткундар болушкан.
Фашисттик концлагердеги туткундардын бошотулушунун эл аралык күнү Кыргыз мамлекетинен чыккан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана андай концлагер туткунун башынан кечиргендер менен жалпы адамзат үчүн ыйык күн катары эсептелинет. Улуу Ата Мекендик согушка 380 миң чамалуу Кыргыз өлкөсүнөн барган киши катышып, алардын айрымдары фашисттик концлагерге туткунга алынышкан.
Согуш маалында Үчүнчү Рейх жана анын өнөктөштөрүнүн аймагында 14 миң концентрациялык лагерлер орун алган. Фашисттер туткундарды крематорийлерге жагып, адам чыдагыс кыйноолорду жасоо жолу аркылуу ар түркүн сыноолорду өткөрүшкөн.
11-апрелге карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан