Жети-Өгүздө мас абалында уруша кетип, 56 жаштагы айылдашын өлтүргөн деген шек менен жаш кыз кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы 10-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда 9-апрель күнү саат 16:45тер чамасында белгисиз адамдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү тууралуу милицияга кабар түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери кылмыш Кызыл-Суу айылынын тургуну 1961-жылы туулган М.Д.га тиешелүү үйдө болгонун аныкташкан. Ал жерде алкоголдук ичимдиктердин идиштери табылган.
Факты боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары ошол эле айылдын тургуну 26 жаштагы Б.А. аттуу кыз кармалып, тергөө абагына киргизилди. Алдын ала маалыматтар боюнча мас абалда уруша кеткенде шектүү маркумду өлтүрүп алган. Тергөө иштери уланууда.