Таш-Көмүр шаарында бир үй-бүлө консерваланган козу карынга ууланып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде SUPER.KG порталына Таш-Көмүр шаардык Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жетекчиси Бекмурат Итибаев билдирди.
Анын айтымында, 7-апрель күнү кечинде бир үй-бүлө тааныштары менен бирге өткөн жылы консерваланган козу карын жешкен.
"Козу карынга ууланган үч кыз жана алардын апасы 9-апрель күнү ооруканага жаткырылды. Азыркы тапта эки кыздын абалы оор. Ал эми аталган үй-бүлөнүн дагы бир кызы жана алар менен бирге козу карын жеген 3 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө", - дейт аталган борбордун жетекчиси Итибаев.