Орусиянын Ессентуки шаарында жүрүп бара жаткан унаадан бала кулады. Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлагандай, унаа катуу бурулганда арткы орундукта отурган жаш бала кулап кетти.
"Бала кулагандан кийин дароо ордунан туруп кеткендигинен ал катуу жабыркаган жок деп айтса болот. Бул видео интернеттеги социалдык тармактарда көрүүчүлөрдүн талкуусуна түштү. Учурда Ставрополь крайынын Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясы жаш баланын унаадан кулашына күнөөлүү айдоочуну издеп жатат", - деп жазышат басылмалар.