Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев Лейлек районунда иш сапары менен болду. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде басма сөз кызматы кабарлады.
Иш сапардын жүрүшүндө облус жетекчиси Катраң айыл аймагындагы Танги участкасында Исфана-Өзгөрүш жолунун 5 чакырымы жана Өзгөрүш айылындагы таш кулоо коркунучу бар кооптуу жерлерди көрүп келген.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Өзгөрүш айылында кооптуу жерде турган 11 турак жай бар. Алардын ичинен 4 үй-бүлөгө мамлекет тарабынан ссуда жана жер участкасы берилип көчүп чыккан. Ал эми 7 турак жай ээлерине ссуда берилген, бирок жер бериле электигинен коопсуз жайга көчкөн эмес. Ыйгарым укуктуу өкүл жергиликтүү бийликке тез арада 7 үй-бүлөгө жер участка бөлүп берүүнү тапшырганы маалым болду.
"Ал эми Исфана-Сүлүктү жолунун 14-чакырымындагы жер көчкүнүн көлөмү 10 миң метр кубга жеткен. Учурда аймактык жол тейлөө ишканасы жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусундагы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жолду тазалоо иштери жүрүп жатат. Тиешелүү адистердин текшерүү иштери бүткөн соң жол толук тазаланып унаа каттамы берилмекчи", - деп айтылат маалыматта.