Бишкекте алгачкы жолу билим фестивалы өтөт

18-19-май күндөрү Бишкек шаарында алгачкы жолу билим фестивалы өтөт. Бул тууралуу “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фонду билдирди. Маалыматка ылайык, бул иш-чара жаш кыргызстандыктардын көңүлүн билим берүү маселесине бурууга багытталган. Фестивалда шаар тургундарына жана меймандарына иш-чаралардын ар түрдүү компоненттери тартууланат. Аталган иш-чара бир эле убакта "Ала-Тоо" аянтынын, Мамлекеттик тарых музейинин, Кыргыз жана Орус драма театрларынын, Эмен сейил багынын, “Сейтек”  балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда өтөт. Фестиваль айылдагы бала бакча, мектептер үчүн китеп, оюнчуктарды чогултуу кайрымдуулук акциясы менен коштолот. Балдар жана өспүрүмдөр борборлорунун, мектеп, кесиптик лицейлердин, студия жана клубдардын билим берүү кызматтарынын көргөзмө-жарманкеси болот. Коноктор жаш жазуучу балдар, басма ээлери жана эстрада жылдыздары менен жолугушат. Алар жаш угуучуларга жомокторду, аңгемелерди окуп беришет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан