Адистер заманбап технологиялардын өнүгүшүн анализдеп, iPhone сыяктуу электрондук гаджеттерди компьютердик технологиялар менен адамдын мээсинин симбиозу алмаштырарын аныкташканын Discover басылмасы жазып чыкты (симбиоз - ар кандай түрдөгү организмдин узакка же дайыма биргелешип жашоосу).
Жакында эле SpaceX жана Tesla компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск жаңы Neuralink компаниясын түздү. Ал компания дал ушул багытта иш алып барары маалым болду. Жеке ишкер жана инженер Илон Маск адамдын мээсинин мүмкүнчүлүктөрүн имплантат жайгаштырып, жасалма интеллект менен жакшыртууну көздөйт.
Бул тармак керектүү деңгээлде өнүккөндө, заманбап гаджеттер экспонат катары музей такталарына жөнөтүлөт. Белгилүү футурист Рэй Курцвейлдин божомолунда, бул маал 2030-жылдары келиши мүмкүн.
"Окумуштуулар реалдуу дүйнө менен виртуалдуу дүйнөнүн чеги жакынкы арада жоюларына ишенишип, адам интернет түйүнгө түздөн-түз байланышканы үчүн, электрондук аппараттарды колдонуу зарылдыгы жокко чыгарын айтышат. Мындан сырткары адам өзүнүн организмин жаңылай аларын да болжолдошкон", - деп жазылат маалыматта.