Владимир Путин кыргыз журналистин "Достук Ордени" менен сыйлады
14-ноябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Москвада кыргыз журналисти Динара Сүймалиеваны телерадио жаатында кошкон салымы үчүн "Достук Ордени" менен сыйлады. Аталган сыйлыкка Орусия, Армения, Беларусь, Молдова, Казакстан, Тажикстандан жалпысынан 8 журналист ээ болду. Кошумчалай кетсек, Динара Сүймалиева "Мир" өлкөлөр аралык телерадио компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси.