Кытайдын Чунцин шаарынын борбордук бөлүгүндө 200 метр бийиктикте сейилдөө үчүн жол ачылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кечээ, 10-апрелде жазып чыгышты.
Айнек пол төшөлгөн, "А" формасындагы 80 метрден ашуун конструкция тоо боорунан чыгып турат. Мындай сейилдөөчү жолдо бир учурда 30га чейин адам жүрө алат. Ал эми курулма жайгашкан парктын администрациясы "Гиннесстин рекорддор китебинин" өкүлдөрү менен байланышууну көздөшүүдө. Алардын айтымында, аталган жай дүйнөдөгү эӊ узун сейилдөөчү жол деп расмий катталышы зарыл.