Жогорку Кеӊештин комитети Түндүк-Түштүк унаа жолун куруу боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети Түндүк-Түштүк унаа жолун куруу боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Жыйындын жүрүшүндө сунушталган долбоорго ылайык, аталган жол Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас облустарын Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустары менен байланыштыра турганы белгилүү болду.

Комитет мүчөлөрү Түндүк-Түштүк унаа жолунун азыркы каржылоо абалына кызыгышты. Транспорт жана жолдор министрлигинин өкүлү альтернативдүү жолдун жалпы узундугу 433 чакырым экенин айтып, азыр анын 344 чакырымына каржы булактары табылганын белгиледи. Мындан тышкары ал азыркы тапта 846 миллион 940 миӊ доллар көлөмүндө инвестициялык каражат бар экенин, анын 747 миллион доллары насыя, 21 миллион доллары өкмөттүн үлүшү, калган бөлүгү гранттык каражат болуп санала турганын кошумчалады.

Жыйынтыгында депутаттар долбоорду колдоп беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан