Айгерим Бектенбаева менен Айгерим Нурланова "Supermodel International 2017" эл аралык сулуулук сынагында Кыргыз өлкөсүнүн наамын коргошот. Бул тууралуу сынактын расмий сайтында маалымдалат.
Сынак 12-22-апрель күндөрү Индиянын Дели шаарында өтөт. Анда жеӊиш үчүн дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүнөн келген 40 кыз таланттарын көрсөтүшөт. Жыйынтыгында 15 модель тандалып алынып, анын ичинен жеӊүүчү - "Супер модель-2017" аныкталат.
Айгерим Бектенбаева бүткүл Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышса,
Айгерим Нурланова Ысык-Көл облусунун атын коргойт.
Белгилей кетсек, өткөн жылы аталган сынакка модель Барчынай Казакбаева катышкан.