Президентке насыялар боюнча пайыздык ченемдерди азайтуу чаралары тууралуу маалымат берилди

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 11-апрелде өлкөнүн Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Толкунбек Абдыгулов өлкө экономикасынын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү жана насыялар боюнча пайыздык ченемдерди азайтуу максатында Улуттук банк жасап жаткан иш-чаралар тууралуу мамлекет башчысына айтып берди.

"Быйыл жыл башынан бери өнөр жайындагы, айыл чарбасындагы, соодадагы, курулуштагы, туристтик чөйрөдөгү, транспорт жана байланыш тармагындагы, андан тышкары кызмат көрсөтүүлөр жаатындагы долбоорлорду каржылоо үчүн Улуттук банк сунуш кылган каражаттардын жалпы көлөмү 3 миллиард сомду түздү. Акыркы насыя алуучулар үчүн бул кредиттер боюнча максималдуу пайыздык ченем 12 пайыз өлчөмүндө белгиленди", - деди Толкунбек Абдыгулов.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкө экономикасынын узак мөөнөттүү өсүшүн камсыздоо максатында кредиттер боюнча пайыздык ченемдерди дагы ылдыйлатуу чараларын көрүү жана экономика тармактарын кол жетерлик ресурстар менен камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан