Бүгүн, 11-апрелде, Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Курулуш башкармалыгынын дачалары айылынын тургундары элди башка аймакка көчүрүү талабы менен митингге чыгышты. Бул боюнча өкмөттүн басма сөз кызматы билдирүү таратты.
Анда "кырсык болгон айылдын тургундарын башка жакка көчүрүү маселеси башка приоритеттүү турак жайлардын катарында өкмөттүк деңгээлде чечилет" деп айтылат.
Мындан тышкары Боинг кырсыгынан каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга жардам берүү боюнча Түркия тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы белгиленет. Ошондой эле буга чейин жалпы компенсациянын бир бөлүгү, 42 миллион сом Түркия тараптан берилгени айтылат.
Айта кетсек, учак кырсыгынан кийинки чыгым жалпы 195 миллион сомго бааланган.