Жеки Чан: "Азыркы жубайым Линь Фэнцзяого менден кош бойлуу болгону үчүн гана үйлөнгөм"

Атактуу кытайлык актёр Жеки Чан азыркы жубайы Линь Фэнцзяого мажбур болгону үчүн, тагыраагы, ал кош бойлуу болуп калгандыктан үйлөнгөнүн 2015-жылы маалымат каражаттарынын бирине берген интервьюсунда билдирген. Бул интервьюсу тууралуу бүгүн, 11-апрелде чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Актёр 2 жыл мурунку интервьюсунда: "Эч качан Линге үйлөнөм деп ойлогон эмесмин. Жейсинин (уулу) келечеги үчүн гана ага баш кошууга туура келди", - деп айткан. Ошондой эле актёр жаш кезинде сүйлөшкөн кыздарынын көп болгонун, Линь экөөнүн ортосундагы сүйүү романынын көп жыл мурун эле бүткөнүн кошумчалаган.

Белгилей кетсек, 2014-жылдын сентябрында уулу Жейси Чан маңзат менен кармалып, 2015-жылдын январь айында 6 айга эркинен ажыратылган. Кытайда баңгизаты менен күрөшкөн коомдук активист катары саналган Жеки Чан социалдык тармактагы баракчасы аркылуу уулунун кармалганы боюнча элден кечирим сураган.

Ошондой эле Жеки Чандын 18 жаштагы Этта Нг аттуу никесиз төрөлгөн кызы бар. Анын апасы - "Мисс Азия-1990" сынагынын жеӊүүчүсү болгон Элейн Нг.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
suban78
2017-04-11 17:33:07
Балакет Джеки кино тартып эле журо бербей башка дагы иштерди кылчукен да маладээс, уважаю.
+17
Bishkek.001
2017-04-11 17:58:41
Баарына жетишчу экен да
+6
Lion.
2017-04-11 18:00:45
Эн дуйнодогу еомер 1 актеру. Уважаю
+4
Shapak1979
2017-04-11 18:34:41
Муну залёт дер койот.
+4
nurik838383
2017-04-11 19:45:01
Жожолоп кеткен турбайбы жеки брат. Нары бери секирип журуп
+6
Nur1k
2017-04-11 19:50:14
Тируу легенда десем жанылышпайм. Чыныгы актёр! Дуйно жузуно белгилуу актёр. Рахмат жекиге кинолору учун.
+2
pixduel1
2017-04-11 20:47:01
Ушундай мыкты адамдардын балдары ХХХ болуп чоноет негедир)) атасынын байлыгына, акчалары сапырып бей баш болуп чоноюшат , жалко Жеки Чанга
+7
admin_portal
2017-04-12 11:35:32
pixduel1,этика нормаларын сактаңыз!
0
Ayida
2017-04-11 22:31:01
Никесиз торолгон дегенге тушунбодум? Жеки Чан мусулман болгонбу?
-4
stal.ks
2017-04-11 22:40:09
Загсга катталбай туруп балалуу болгонун айтып жатат никесиз деп
атак мусульман эмес
+4
Djal1987
2017-04-12 01:38:08
Мындай эркектен жети сегиз бала торолуш керек болчу эки бала аз.
+4
HAKER-KG
2017-04-12 01:58:55
Никесиз кызы бар дейт каяктагы нике кытайларга
-2
karonalaif
2017-04-12 08:11:58
Элейн НГ мисске окшобой турат че-то
0
rafo80
2017-04-12 10:05:32
karonalaif,Андан бери 27 жыл отуптур. Кором сени да 27 жылдан кийин.
+2
1.asel.
2017-04-12 10:40:11
rafo80,хаха туура айтасыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан