СУПЕРСТАН: "Пенсияга чыккандан кийин жумуш ордун бошотпой, пенсияны да, айлык акыны да алып жатышат..."

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Пенсияны да, айлык акыны да алып..." деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Бүгүнкү күндө айтылбай келген маселелер күн санап өсүүдө. Алардын кээ бири социалдык тармактын өнүгүүсүнө тоскоолдуктарды жаратып жатат десек болот. Айтайын дегеним, пенсияга чыккандан кийин да жумушун таштабай, башка кадрларга орун бошотпой мамлекет тарабынан айлык акыны да алып, пенсияны да алып жүргөндөр көп кезигет. Кээ бирлери бир эле жерде эмес, 2-3 жерге жумушка орношуп, башка жумуш орундарын да "занят" этип көпчүлүк жаңы билимге ээ болгон адистерибиз жумушсуз жүрүшөт. Бул боюнча мыйзам кабыл алып, пенсияга чыккандан кийин иштебей турган, эгер иштей турган болсо пенсия төлөмдөрүн төлөбөй же жарымын төлөп, анан бир мамлекеттик жумушка орношкондон соң башка жумушка орношпой турган мыйзам кабыл алууга болбойбу?"

"Менин апам пенсияга чыккан иштебейм десе да чакырта берип иштетип жатышат, кээ бир жерлерде кадр жетишпегендиги үчүн иштеп жатышат, кээ бир "майлуу-сүттүү" иштерди өздөрү бошотпогондор да бар".

"Пенсиядагы кишилер таптакыр иштебесин дегенге каршымын. Иштеп жүргөн адам бир заматта иштебей койсо, бул анын олуттуу стресске кабылуусуна алып келип, ден соолугуна залакасын тийгизет. Активдүү адам жашоо образын бир күндө эле алмаштырып, бош отуруп калуусу аны эрте картайтып да жиберет. Ал топтогон тажрыйбаны айтпай эле коёюн. Жаштар эле дейбиз, жарытылуу билими күчтүү, иштин көзүн билген жаштарыбыз деле саналуу, калганынын амбициясы гана күч. Кыйын жаштар өздөрү эле суурулуп чыга беришет, аларга атайын жасалма шарт түзүү кажет деле эмес. Мындай ыңгайлуу шарт алардын бошоң болуусуна да жол коюп жатат".

"Деги эле жумуш керек болсо аракеттенсин, көздөгөн жериңе ыктыярчы болуп кирип полун жуудан баштасын, тытынып иштесин, пенсионерди жеңсин, жетсин ошого. Отурганда эле балчайып башкаруучу креслону ээлейм деген нерсе бул фантастиканын да фантастикасы го. Пенсияны пенсионер мамлекетке өткөрүп койгону үчүн алат, иштесе иштеген айлыгын алат, иштебе дегендей биз эмне, кайрадан коммунизмге жол куруп баштадыкпы? Жашоо өзү ушундай "адилетсиз" , менимче жасалма түрдө кадрлардын канын алмаштыруу коллапска алып келет".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Mers124
2017-04-11 15:54:44
Менимче пенсияга чыккандан кийин жарым ставка менен иштетип, жарым айлыгын жаш стажерге берсе. Эки жак тен нааразы болбойт го. Стажердин стажысы журо берет, жарым айлык ала берет. Пенсионер ла пенсиясын алып жарым айлыгы менен жакшы жашайт. Стажы жок деген балееден дагы коп киши кутулат. Эки киши болуп иш да жакшы журот. Стажер да жакшы уйронуп ишке бат конот.
-4
saat1200
2017-04-11 16:18:00
Аа, ото окунучтуу тема. Бул нерсе башка жерде кандай билбейм, биздин мекемеде ото, ото коркунучту. Пенсионерлерди жаман коруп журуп озум да пенсионер болгону калдым. Биздин мамлекетте негизи тексеген жетекчилердин копчулугу пенсионер да. Пенсия жашын узартыш керек биздин да ичибизди ысыта бербей. Пенсия жашындагылар ото куу болушуп оной жолун издеп журо беришет. Иштин жылышын эч ойлобойт.
-3
gulmira12345
2017-04-11 17:42:07
пенсияга чыккандан кийин кудаай депле ичип жеп жата бергиле 60ка чыккыча жетпеген тиргилик андан ары деле жетпейт
-2
gulmira12345
2017-04-11 18:26:20
минус менен жургурлогур негеле минус баса бересинер
-1
jass
2017-04-11 19:19:32
Кыйраган пенсиясы барвы? Мен билген работающий пенсионерлер жыргаганынан эмес кыйналганынан иштеп журушконун угуп коруп эле журом.
0
admin_portal
2017-04-12 12:14:45
Nurkyz1977,
1. Такталбаган маалымат жазуудан алыс болуңуз!
2. Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
take19
2017-04-12 17:41:38
Пенсияга убагында чыгара турган мыйзам болсо миграция азаят эле деп ойлойм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан