Орусиянын президенти Владимир Путин 10-апрелде мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу боюнча жарлык чыгарды. Документ укуктук маалымат порталына жайгаштырылды.
Стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Достук ордени менен Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев сыйланды.
Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын директору Жылдыз Бакашова жана Ж. Баласагын атындагы КУУнун археология, этнология кафедра башчысынын милдетин аткаруучу Шайыркүл Батырбаева Пушкин атындагы медаль менен сыйланышты.