Шашылыш билдирүү! 12-14-апрелдерде туруксуз аба ырайы, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында сел жүрүшү күтүлөт

12-апрелден 14-апрелге чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 11-апрелде билдирген.

Маалыматка ылайык, бул күндөрү түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде карга айланышы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

14-15-апрелде түнкүсүн Талас өрөөнүндө, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде, кээ бир райондордо 0…-2° жеткен үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Мындай үшүктүн жүрүшү бүчүр байлаган мөмө бактарга коркунуч алып келет.

2017-жылдын 12-16-апрелинде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун (Төө-Ашуу ашуусу) 121-138-чакырымдары, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 198-265-чакырымдары, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 71-74-чакырымдары, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92-чакырымдары, Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолунун Барскоон жана Сөөк ашуусунда (60-68-чакырымдары), Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун (Долон ашуусу) 289-291-чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

2017-жылдын 12-13-апрелинде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында сел жүрүшү күтүлөт, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bosmos777
2017-04-11 16:00:58
Жараткан Озун сакта! Кыргыз Элимди!
0
Ananai
2017-04-12 11:03:46
Ылайым жаан чачында эчким эчнерсе жабыр тартпаса экен.
+1
admin_portal
2017-04-12 11:52:48
baltabai,жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынат!
-1
Frezia
2017-04-13 08:20:23
үшүк жүрбөсө экен.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан