Бүгүн, 7-майда президент Алмазбек Атамбаев Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раевди кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө Султан Раев президентке министрликтин жакынкы аралыктагы иш-пландары тууралуу маалымат берди. Ошондой эле ал өлкөнүн туристтик багытын өнүктүрүү боюнча кабыл алынып жаткан чаралар тууралуу маалымдап, жакында эле Ысык-Көлдүн жээгинде жыл сайын өтүүчү туристтик жарманке ийгиликтүү өткөнүн кошумчалады. Өз кезегинде өлкө башчы Алмазбек Атамбаев министр Султан Раевге Кыргызстандагы музейлерди өнүктүрүү боюнча атайын концепция иштеп чыгуу тапшырмасын берди.