"Тамашоучу", актёр Азамат Исмаилов бүгүн, 11-апрелде 29 жашка толду. Күлкү жаратуучуну куттуктап байланышка чыктык.
"Бүгүн жакшы маанайда ойгондум. Себеби асман ачык, мекенибиз тынч, туугандарыбыз, ата-энебиз аман-эсен. Булар туулган күнүмө Кудайдын берген чоң белеги десем болот. Үйгө келсем келинчегим Сымбат сааттын 00:00 болушун күтүп отуруптур, ал биринчи болуп куттуктады. Көп жылдан бери өздүк майрамымды белгилебейм. Чоңойгон сайын эмнегедир белгилегим келбей калды. Жакындарымдын куттуктоолорун эсептебегенде, бул күн катардагы күндөй эле өтөт. 29га чыктым, карып баратам, эмнесине сүйүнөйүн?", - дейт күлүп "тамашоучу".
Белгилей кетсек, А. Исмаилов 1988-жылы 11-апрелде Нарын шаарында туулган. 6-класстан тартып Көркөм сүрөт академиясынын алдындагы мектепте, андан кийин училищеде окуган. Кийин көркөм сүрөт академиясын бүтүргөн. "Тамашоу" долбооруна алгач "Жигиттер" командасы менен келип, кийин "Тамадалар" командасы менен оюн көргөзө баштаган. Азамат Исмаилов "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча "2010-жылдын супер күлкү жаратуучусу" деп табылган. Ал телеалпаруучу катары да эл көзүнө көрүнүп, андан сырткары жарнамалык ролик, ырчылардын клиптерине, комедиялык тасмаларга да тартылган.
2014-жылдын күз айында Сымбат аттуу кызга баш кошуп, 2015-жылдын август айында уулдуу болушкан. Баласына Темирлан деген ысымды ыйгарышкан.
11-апрелге карата жылнаама.