Бүгүн, 11-апрелде Бишкек шаардык мэриясынын алдына Чүй жана Манас кең көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер алдындагы өтмөктө соода кылган тургундар топтолду.
Топтолгондордун саны 150гө жетип, "жер алдындагы өтмөк оңдолгондон кийин кайрадан соода орундары берилсин" деген талапты коюшту. Соодагерлердин айтымында, Абдырахманов, Чүй жана Чүй, Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер алдындагы эки өтмөктө биригип 176 соода оруну бар. Айрым орундарда 2ден жумушчу эмгектенет.
"Бул соода орундары 300дөн ашык үй-бүлөнү багып жатат. Биз да шаардын тургундары катары оңдоп-түзөөлөргө каршы эмеспиз, шаардын кооздугун биз да колдойбуз. Бизди болгону кийин соода орундарыбыздын берилбей тургандыгы чочулатат", - дейт соодагер Дастан Мадаипов.
Белгилүү болгондой, жер алдындагы өтмөктүн жумушчулары 4-5 күндөн бери түрдүү инстанциялардын алдына топтолуп талаптарын айтышууда.
"Эч кимден эч кандай жооп болгон жок. Оңдоп-түзөө бүткөндөн кийин орундар берилбейт экени ачык эле айтылып жатат. Болгону 19 орун аукционго коюлат экен. Аларды кимдер алары белгилүү да", - деди соодагер Халида Жумаева.