Катуу шамалдан улам Бишкекте дарактар унаалардын үстүнө кулап, өлкөнүн негизги желеги айрылды

Бүгүн, 11-апрелде Бишкекте катуу шамалдан улам дарактар кулады.

Болжол менен саат 15:00дө катуу шамал катталган, Эркиндик көчөсүндө УКМКнын имаратынын жанында токтотулган унаалардын үстүнө дарактар кулаган. Жалпысынан 4 унаа жабыркаганы айтылууда. Кырсыктан жаракат алгандар жок. Ошондой эле дарактардын бутактары сынып, электр зымдары үзүлдү. Мындан тышкары катуу шамалдын айынан "Ала Тоо" аянтындагы өлкөнүн негизги желеги айрылган, бирок жарым сааттын ичинде ал алмаштырылды.

Айта кетсек, бүгүн Бишкекте батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым учурларда 15-20 метрге жетери айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
ilgis1991
2017-04-11 17:21:40
жаан жаадыбы Бишкекте?Кудай сактасынчы неси болсо да
+2
baltabai
2017-04-11 17:47:41
Айдар кен де болду
0
lady_91
2017-04-11 18:09:29
УКМКга эскертуу болгондой го,Кудайды карап иш кылгыла деп....
+15
frunze14
2017-04-11 18:19:29
Абдил Сегизбаев менен Атамбаев отурган машиналардын устуно тушсо болмок экен кулаган дарактар... Элди чон балээден куткарган болоор эле...
+13
KGstan1981
2017-04-11 18:28:35
Атамбаевке,Сегизбаевке жана Жолдубаеваларга Алла тарабынан эскертуу окшойт.Чыныгы коррупционерлерди кармагыла саясый куугунтукту токтоткула.Садыр Жапаровтун баласын бошоткула.Болбосо бул каттуу шамал бир кун Кой-Таштагы хан сарайга да жетип барат.
+13
pixduel1
2017-04-11 20:43:45
Алардын машинасына же уйуно тушсо кыргыздардын шору курумак , Милиондогон акчалар дагы алынмак шылтоонун негизинде)) итак шылтоо табылбай эле турат
+2
swabs
2017-04-11 21:26:17
ГКНБга каргыш тийди окшойт))))
+2
Patirot
2017-04-12 00:55:59
Дарактарды бутаса кулабайт эле
+1
gul3ina
2017-04-12 07:58:39
Болгон нерсенин баарын саясатка аралаштырбагылачы.Бойроктон шыйрак чыгарбай.
+1
Kroxa
2017-04-12 09:50:29
gul3ina,ошону айтсан бийликке эскертуу болсо Атамбаев,Сегизбаевдин короосуна же машинесине куласа айтсанар болот,жон эле башка кишилердин машинасына кулаптыр,,кырсык катуу суукта кулаптыр,,эскертуу ошол бак алдына токтотпогула катуу шамалда..
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан