Боом капчыгайында таштарды атайылап кулатуу иштери жүргүзүлүүдө

Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2017-жылдын 10-апрелинен тартып, 17-апрелге чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайындагы 120-чакырымында таштарды атайылап кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде "Кыргыз темир жолу" улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы маалымдады.

"Таштарды кулатуу иштери унаа жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан 2017-жылдын 10-апрелинен тартып, 17-апрелге чейин аталган багыт боюнча Ички иштер министрлигинин жол кайгуул кызматы тарабынан саат 9:00дөн 15:00гө чейин унаа жолу маал-маалы менен жабылып турат. Унаа жолунда 30-40 унаа чогулуп калса, таштарды кулатуу иштери токтотулуп, ИИМдин Патрулдук милициясы тарабынан өткөрүлүп турат. Жүргүнчүлөргө келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн алдын ала кечирим сурайбыз жана түшүнүү менен кабыл алуусун суранабыз", - дешкен ишканадан.

Эскерте кетсек, таштарды кулатуу иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан