Ырчы Нияз Абдыразаков "Өчпөс сезим" клибин тартууда жумуш менен эс алууну айкалыштырганын айтат. Аталган клип Кипрде тартылган. Кызыгы, бул аралга болгон саякаттоо күтүлбөгөн окуялар менен коштолгон.
"Жаӊы жыл майрамынан кийин Кипрге эс алууга кеткен элек. Клипти ошол жактан тартып келдик. 20 күндөй жүрүп, анын 5 күнүн клип тартуу менен өткөрдүк. Тартуу процесси кызыктуу болду. Баарын өзүбүз бүтүрдүк десем болот. Себеби клипти тартууга бара жаткан клипмейкерди Кипрдин аймагына киргизбей коюшту. Канча тааныштарды ортого салбайлы, жыйынтык болгон жок. Эмне үчүн киргизбей турганын да түшүндүрүшкөн жок. Ошентип ал аэропортто 3 күн тургандан кийин кайра үйгө билет алып жөнөтүп жибердик. Андыктан клипти телефонго тартууга туура келди.
Башкы каарман кыз да берилген ролун жакшы ойноду. Улам күлүп жиберген учурлар көп болуп, убакыт шаӊдуу өткөндүктөн кыйынчылыктар билинген жок", - дейт Н. Абдыразаков.
Нияз Абдыразаковдун "Өчпөс сезим" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.