Бүгүн, 7-майда Бишкекте "Манас" аэропортундагы АКШнын аскердик базасын Кыргызстандан чыгаруу талабы менен “Жөн эле” жаш демилгечилер тобу акция өткөрдү. “Өлкөнү аскердик коркунучтан тазалайбыз” деп аталган акциянын уюштуруучулардын бири Атай Бейшенбек уулу буларды айтат: “Биз коомчулуктун көңүлүн “Манас” аэропортундагы америкалыктардын аскердик базасына бурууну каалайбыз. Ал өлкөгө коркунуч жаратууда. Бишкекке учактын кулап түшүүсүн каалабасаңар, анда бизге кошулсун”. Акциянын алкагында катышуучулар шаардагы Улуттук филармониядан тартып Чүй көчөсү аркылуу Абдрахманов көчөсүнө чейин жөө жүрүш жасашты. Алар колдоруна “Өлкөнү аскердик коркунучтан тазалайбыз”, “Бишкекке учак кулап түшүүсүн каалайсыңбы?” деген плакаттарды кармап турушту.