Бишкек шаарындагы жер алдындагы өтмөктөрдө эмгектенген соодагерлерди мэр Албек Ибраимов кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде өтмөктө соода менен алектенген Дастан Мадаипов SUPER.KG порталына билдирди.
Буга чейин шаардагы жер алдындагы өтмөктөрдө соода кылгандар Жогорку Кеңештин, мэриянын алдына топтолуп, талаптарын айтышкан. Алар өтмөктөр оңдоодон өткөндөн кийин соода, жумуш орундары кайрадан элге толук берилсин деген талабын билдиришкен.
"Чогулгандардын арасынан 10 киши мэрдин кабыл алуусуна кирди. Биз мэриянын пландарын уктук, алар биздин талапты укту. Жыйынтыгында мүмкүн болушунча иш орундарын көбөйтүү айтылды. Ошондой эле архитекторлорго кандай кылганда соода орундары көп боло тургандыгын карап чыгуу сунушталды. Азырынча маселе толук чечилген жок, 24-апрелде кайрадан чогулуп, көйгөйдү көтөрөбүз", - деди Мадаипов.