ЖЫЛНААМА, 12-АПРЕЛЬ: Бүгүн Бүткүл дүйнөлүк авиация жана космонавтика күнү

Юрий Гагариндин 1961-жылдын 12-апрелинде адамзат тарыхында биринчи жолу космоско учушуна байланыштуу бул күн Авиация жана космонавтиканын Бүткүл дүйнөлүк майрамы катары белгиленип калган.

Юрий Гагарин "Восток" космостук кемесинде биринчи жолу жер шаарын айланып учуу менен башкарып учуучу космос дооруна чыйыр салган. Ал башкарган "Восток" космостук кемеси "Байконур" космодромунан учуп, космос мейкиндигинде 108 мүнөт өткөргөн. СССР Жогорку Кеңешинин 1962-жылдын 9-апрель күнкү жарлыгына жараша 12-апрель Авиация жана космонавтика күнү катары кабыл алынган. Ал эми 1968-жылы Эл аралык авиация федерациясынын конференциясында эл аралык макамга ээ болгон.
2011-жылдын 7-апрелинде Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын жыйынында Орусиянын демилгеси менен бул күн "Адамдын космоско учуп чыккан эл аралык күнү" деген аталышка да ээ болгон.

12-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан