Өкмөт: "Айыл чарба тармагын каржылоо-5" долбоорунун алкагында жалпы 7 миллиард сомго чейин насыя берилет

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев 11-апрелде Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө "Айыл чарба тармагын каржылоо-5" долбоору жана айыл чарбасын кайра иштетүү өнөр жай тармагын колдоо боюнча маалымат жыйында долбоордун алкагында жалпы 7 миллиард сомго чейин насыя берилерин айтты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Нурбек Мурашев дыйкан-фермерлерди колдоо тармагындагы Өкмөттүн аткарып жаткан иштери тууралуу толук маалымат берип, бүгүнкү күндө насыя алууга эч кандай тоскоолдуктар жоктугун, алты банкта каражат жетиштүү экенин белгиледи.

"Бүгүнкү күндө жазгы талаа иштерине 1 миллиард 241 миллион сом насыя берилди. Азыркы тапта насыя берилип жаткан алты банкта жалпы болуп 2 миллиард 100 миллион сом каражат бар. Дыйкандар мал чарбачылыгына, өсүмдүк өстүрүү тармагына 10 пайыз, кайра иштетүү тармагына 6 пайыз жылдык үстөк менен 36 айга насыя алууга мүмкүнчүлүгү бар", - деди ал.

Финансы министринин орун басары Алмаз Азимов маалымдагандай, жалпы сумманын ичинен мал чарбачылыгына 13,7 миллиард сом, өсүмдүк өстүрүүгө 1,5 миллиард сом жана кайра иштетүүгө 1,7 миллиард сом насыя берилди.

"2017-жылы 6 коммерциялык банктын 700 миллион сомдон пайыздык үстөк каражатын субсидиялаштыруу пландалууда. «Айыл чарба тармагын каржылоо-5» долбоорунун I этабында 3,3 миллиард сом, ал эми II этабында 3,6 миллиард сом берүү каралган. Жалпысынан 2017-жылы айыл чарба тармагына 7 миллиард сомго чейин насыя берүү пландалууда", - деди Алмаз Азимов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан