Бишкекте бүгүн, 12-апрелде А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада "Орусиянын космосу" аталышындагы көргөзмөнүн ачылышы болот. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Маалыматка караганда иш-чара С. Королёвдун 110 жылдыгы, К. Циолковскийдин 160 жылдыгы жана космоско чыккан биринчи аял В. Терешкованын 80 жылдыгына арналат. Анда ракеталардын макети, плакаттар, китептер, космос темасына байланыштуу маркалар коюлат.
Көргөзмөгө Орусиянын Кыргыз жериндеги элчилигинен өкүлдөр, эл аралык уюмдар, коомдук ишмерлер, чыгармачыл интеллигенция катышат.