ЖЫЛНААМА, 12-АПРЕЛЬ: 50 жыл мурун манасчы, жомокчу, акын, этнограф, педагог Ыбырайым Абдрахманов каза болгон

Мындан 50 жыл мурун, 1967-жылы 12-апрелде манасчы, жомокчу, акын, этнограф, педагог Ыбырайым Абдрахманов дүйнөдөн кайткан.

Ыбырайым Абдрахманов 1888-жылы Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Чырак айылында орто дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1905-жылы Караколдогу “Жаңы тартип" мектебин бүтүрүп, Жети-Өгүздө мугалим болуп иштеген. Улуу Октябрь революциясынын жеңишинен кийин билимин өркүндөтүп Алма-Ата, Фрунзеде ачылган мугалимдик бөлүмдө окуган. 1939-жылы Фрунзедеги педагогикалык институттун эки жылдык адабий факультетин бүтүргөн. Ал бүткүл өмүрүн кыргыз фольклоруна, “Манасты” жыйноого, иликтөөгө, аны аткарып, өз вариантын түзүүгө арнаган.
Ыбырайым Абдрахманов 1922-жылдан тартып ардактуу эс алууга чыкканга чейин (1960-жылдар) чыгармачылык ишмердүүлүгүн бүтүндөй кыргыз фольклоруна, анын ичинде “Манас” эпосуна арнаган. Анын элдик мурасты жыйноого киришүүсү улуу манасчы Сагымбай Орозбак уулунун айтуусундагы “Манас” эпосун кагаз бетине түшүрүү менен башталган. Бул иштин демилгечиси жыйноочу-фольклорист Каюм Мифтаков болгон. Бирок ал бир аз жазып топтогондон кийин Ыбырайым Абдрахманов анын демилгесин улантып, Сагымбай Орозбак уулунун оозунан 1922-1926-жылдары “Манас” эпосунун эң көркөм варианттарынын бирин толук жазып алган. Ыбырайым Абдрахманов 1935-1960-жылдары Саякбай Карала уулунан “Манас” үчилтигинин бөлүктөрүнүн айрым эпизоддорун кагазга түшүргөн. Ошондой эле эпостун варианттары боюнча белгилүү эпизоддорду басмага даярдап, пропагандалоонун үстүндө иштеген.
Сагымай Орозбак уулунун варианттарынан “Манастын балалык чагы” (1949), “Алооке кан” (1941), “Макел дөө” (1941), “Биринчи казат” (1944), манасчы Саякбай Карала уулунун варианттарынан “Каныкейдин жомогу” (1941), Акмат Рысменде уулунан “Үргөнч” (1941), Тоголок Молдодон “Семетейдин Букардан Таласка келиши” (1941) деген эпизоддорду түзүп, басмага даярдап китепче кылып чыгарган.
Ал “Манасты” жыйноочу, анын айрым эпизоддорун басмага даярдаган түзүүчү-редактор, үчилтиктин негизги варианттарын кара сөзгө айландырып жазып чыккан тажрыйбалуу фольклорист катары эле эмес, эпостун мыкты айтуучу-жаратуучуларынын бири да болгон. Анын айтуусундагы “Манас” бөлүгү - 26 миң 456, “Семетей” - 23 миң 584, ”Сейтек” - 7 миң 839 сап ырдан турат. Бардыгы биригип - 57 миң 878 сап. ”Семетей” жана “Сейтек” бөлүктөрүн 1947-1948-жылдарда, ал эми “Манас” бөлүгүн 1951-1952-жылдарда өзү жазып, Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын Кол жазмалар фондусуна тапшырган.

12-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
baltabai
2017-04-12 14:34:47
?????????
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан